EBRD

Кыргызстанда балдарды жылуу багуу

By Volker Ahlemeyer

Keeping Kyrgyz children warm

In english

Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Бирлиги (ЕБ) Жалал-Абаддагы бала бакчанын электр кубатын эффективдүү пайдалануусун колдоого алат

Жалал-Абад облусунда сыртка чыккан балдар үчүн бубак баскан көчөлөр кадимки эле көрүнүш. Ноябрь айынан тартып эрте жазга чейин абанын температурасы нөлдөн төмөн болуп турат.

“Бизде климат континенталдуу, жайында ысык болсо, кышында суук болот. Анткени биз океандардан алыс турабыз”,- дейт Жалал-Абаддагы “Мамалак” бала бакчасында иштеген Камил Ашымов. “Бул биздин имараттарыбыз мындай аба ырайына ыңгайлуу болушу керек дегендик. Мындай болушу сейрек көрүнүш, бирок азыркы күндө имараттарды аба ырайына жараша жылуулоо баштады”,- дейт ал.

Энергияны үнөмдөө, акчаны үнөмдөө

ЕРӨБ жана Европа Бирлиги (ЕБ)  өлкөнүн баардык аймагындагы мындай өзгөрүүлөрдү Туруктуу энергетиканы каржылоо боюнча кыргыз фонду аркылуу колдоого алат. ЕРӨБ жергиликтүү өнөктөш-банктарга 55 млн. АКШ доллары өлчөмүндө насыя берүүнү сунуштайт. Ага ЕБ тарабынан субсидия түрүндө 13,4 млн. евро кошумча берет. Муну менен ЕБ кардарларга энергияны оптималдуу түрдө үнөмдөөгө көмөктөшүү, жабдууларды орноткондон кийин аларды текшерүү жана ошондой эле жергиликтүү банкирлерди жаңы финансы өнүмдөрүнө үйрөтүү менен өз салымын кошот.

“Жалал-Абаддагы аталган бала бакча бул программа боюнча өнөктөштөрдүн бири болгон “Демир Банк” банкынан насыя алган. Ал насыя менен бала бакчага жаңы терезелер салынып, жылытуу системасы үчүн жаңы от казан алынган. Муну менен электр кубатын бир топ үнөмдөө болду. Ошондой эле бала бакчадагы электр кубатын керектөө болжол менен 50%га кыскарган”,- дейт бала бакча мугалими Гүлнара Токторбаева.

“Биздин бала бакчада 18 айлык наристеден баштап 6 жашка чейинки элүүдөй бала бар”, -деп сөзүн улады Г.Токторбаева – Балдар биздин байлыгыбыз, андыктан, аларга баардык ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү өзгөчө маанилүү. Эми, биз, мугалимдер бала бакчанын бөлмөлөрүндөгү температураны жөнгө сала алабыз. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле”.

Бул бала бакча Кыргыз Республикасында жогорудагыдай инвестициялардан утуп алган 100 ишкана менен уюмдун ичиндеги бир гана мисал. Туракжай имараттарынан тартып супермаркеттер менен мейманкаларга чейин, жөнөкөй жарандар менен бизнес ээлери өздөрүнүн жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртып, ошону менен катар эле электр кубатын керектөөнү кыскартууга жетишти.

Бул дагы айлана-чөйрө үчүн реалдуу мааниге ээ: жалпысынан инвестициялоо парник газдарынын зыяндуу чыгындыларын жылына 38792 тонна кыскартууга өбөлгө болду. Салыштырмалуу айтканда, көчөлөрдөн 13367 жеңил унаа алынды дегенге барабар.

“Алты жаштагы кызым жылуу шартта багылып жаткандыгы мени абдан кубандырат”,- дейт “Мамалак” бала бакчасына барган кыздын апасы Лола Адиназарова. “Биздин балдарыбызга айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону баалуу сабак катары аңдап-үйрөнүүсү андан дагы жакшы”,- дейт ал.

Жашыл экономиканы куруу

Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүүсүн өзгөчө тез кабылдайт. Тянь-Шань тоо кыркасы өлкөнүн бир топ аймагына чейин созулган. Ал аба табынын жогорулоо коркунучу турган аймактардын негизги суу башаты болуп эсептелинет.

“Жашыл экономиканы өнүктүрүү ЕРӨБдүн Борбор Азия аймагында иш жүзүнө ашырылып жаткан негизги максаттарынын бири”,- дейт ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча директору Ниил МакКейн. Анын пикиринде, энергетикага инвестиция салуу жана сууну натыйжалуу пайдалануу баардыгынын кызыкчылыгындагы маселе жана пайдалуу дагы. Мында энергия үнөмдөлүп, чыгымдар кыскарат. Ишкерлик атаандаштыкта жүргүзүлүп, кийинки муун үчүн айлана-чөйрө жакшы сакталат.

“ЕБ Кыргызстандагы энергонатыйжалуу үйлөрдү инвестициялоо менен жарандардын турмушуна, алардын ичинде, коомдун аялуу катмарына кыйла жеткиликтүү, пайдалуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө каражат бөлүүдө”,- дейт ЕБдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шарлотта Адриан. Анын айтымында, “ЕБ жана ЕРӨБ сууну үнөмдөө боюнча чараларды көрүүдө КырСЕФФ+ программасын кеңейтүү менен климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жана туруктуу болууга багытталган долбоорлорду колдоого комплекстүү мамиле жасап жатат.